Яхта сатып алуу
Яхта сатып алуу – жоопкерчиликтүү иш, ал эми жаңыдан бул ишке аралашып жаткан адамга өтө татаал дагы. Анткени, сууда жүрүүчү каражатты тандоодо бир эле мезгилде бир нече мүнөздөгүчтү эске алуу керек. Эгерде яхта сатып алууну ниет кылып жүргөн болсоңуз, чечим 2-3 күндө эле келе калбай тургандыгын билишиңиз керек. Кээ бирөөнө буга бир нече ай керектелет. Мында бардыгы финансылык мүмкүнчүлүктөн гана көз каранды эмес. Кеменин чен-өлчөмү, ал-абалы, анын курулушуна же ремонтуна кеткен убакыт жана башкалар эске алынмакчы.
Жаңы кемеби же пайдаланылганыбы?
Улам пайдаланылып туруучу яхталар бир нече категорияларга бөлүнөт:
- жеке заказ боюнча жасалгандар;
- сериялуу түрдө чыгарылгандар;
- жарым-жартылай заказ менен жасалгандар;
- пайдаланылгандар.
Мындай учурларда сатып алуучулар сууда жүрүүчү каражаттын баасына жана анын тейлөөсүнө карашат. Жеке заказ боюнча жасалган жаңы кемелер бир топ кымбат турат. Бирок, алар сатып алуучунун каалоосуна карата заманбап техника менен жабдууланат.
Экинчилик рыноктон сатып алуунун оң жана терс жактары
Эгер яхтаны экинчилик рыноктон онлайн сатып алса, анда чыгымы азыраак болот. Бирок, кеме дайыма сууда тургандыктан, металл кычкылданып, көк дат басып кетет эмеспи. Ошондуктан, товардын сырткы корпусунда бузулгн жерлердин бар же жок экендигин кылдаттык менен карап чыгуу керек. Бузулуунун бар же жок экендиги кеменин кызмат кылуу мөөнөтүнүн узактыгына таасирин тийгизет. Ошентсе да пайдаланылган кеме убакыттын сыноосунан өтүп, ээси тарабынан текшерилгендиктен, кеменин ээси аны башкаруу боюнча толук инструкцияны жана тейлөө боюнча кеңештерин бере алат.
Моторлуубу же парустуубу: кайсынысы жакшы?
Парустуу яхта романтика менен ассоциацияланып, экологиялык жактан таза экендигине карабастан, популярдуулугун бир аз жогото баштады. Себеби, мындай кемелерде жүрүү кыйын болгондуктан, белгилүү бир көндүмдөрдү жана билимдерди талап кылат. Эгер моторлуу кыймылдаткычы бар яхта сатып алсаңыз, анда аны башкаруу жеңилирээк да болот, ал батыраак да жүрөт. Бирок, мындай кемени тейлөө жана пайдалануу кымбатыраак болмокчу.
Яхта кандай максатта сатылып алынат?
Кеме жүрө турган акваторияга карата яхталардын 4 категориясы бар:
- A – океандар;
- B – деңиздер;
- C – суу жээктери;
- D – ички көлмөлөр.
Биз, яхта сатуу боюнча тажрыйбалуу команда катары, өз талаптарыңызга ылайык, кеме кандай сууларда сүзө тургандыгын дароо аныктап алууну сунуштайбыз. Анча узак эмес сейилдөөлөрбү же чет өлкөлөргө чыгууну камтыган узак мөөнөттүү жүрүштөрбү? Кээ бирөө яхтада жашаш үчүн аны түз эле заводдон сатып алууну каалашат. Мындай болгондо кеменин көлөмүн, сыйымдуулугун, жайлуулугун эске алуу керек болот.
Бир нече адамдан турган компания үчүн сейилдөөгө узундугу 6 метрден ашпаган микрокласстагы кемелер туура келет. Мындай кемелерди жол менен ташууга да ыңгайлуу. Ал эми чоң компанияларга узундугу 40 фут (12,192 м) болгон яхталар туура келет.
Кандай яхтаны сатып алуу керек? Эмне үчүн бул пайдалуу?
Жакшы яхта арзан турбаса дагы мындай сатып алуу бир нече жагымдуу учурлар менен байланыштуу:
- Акча каражатын туура салымдоо. Көпчүлүк адамдар банктык эсепте же үйдө акча сактоонун пайдасы аз экендигине эбак эле ынанышты. Ал эми туура сатып алууга акча жумшоо – бир эле мезгилде жакшы ой жана инфляциядан да сактайт. Сууда сүзүүчү каражаттын пайдаланылуу мөөнөтү ошол эле автомобилге караганда бир топ узагыраак. Ошондуктан, капиталды салымдоо да көбүрөөк ырахат алып келмекчи.
- Каалаган учурда өргүүгө чыгуу мүмкүнчүлүгү. Яхта сатып алуу – эс алуудан бардык ырахатты алуу дегендик. Өзүңдүн кемең болсо, каалаган убакта саякатка чыксаң болот.
- Сергек жашоого жол. Суу мейкиндигин аралап жүрүү менен таза абада көп болуу мүмкүндүгү жаралат. Ал эми таза абада жүрүү ден соолукту чындайт, физикалык жактан калыптандырат. Менчик кеме – чоң жоопкерчилик. Яхтаны күтүп, тейлөө керек болгондуктан, диванда кечке эле отура бере албайсың.
- Суу үстүндө сейилдөөнү сүйүүчүлөр коомунун мүчөсү болуу. Айланабызда өз жашоосун деңизсиз элестете албаган адамдар толтура. Кеменин ар бир жаңы ээси турмушка болгон көз карашы уникалдуу болгон адамдардан турган ынтымактуу коомчулуктун мүчөсү боло алат.
- Күчтүү антидеприссантты колдонуу. Кеме деңизге чыккандан кийин, бардык маселелер жээкте калып, суу чарчоону жууп кеткендей сезим калтырат. Менчик яхтаң болсо, мындай ырахатка күн сайын чөмүлүүгө болот.
Сизге кеме тандап берүүгө кубанычта болобуз. Биздин сайттын урааны – ар бир адам яхта сатып ала алат!