Мезаяхтаны сатып алуу
Ажайып кеменин келечектеги ээсине көп учурда, адистер тарабынан көп колдонулуучу «суперяхта» жана «мегаяхта» сыяктуу аталыштар мааниси боюнча эмнеси менен айырмалана тургандыгын аныктоо кыйын болот. Маңызы боюнча, синоним болуу менен, бул эки термин олуттуу өлчөмдөрү менен айырмалануучу жана бортунда «люкс» классындагы ыңгайлуулукту сунуштоочу кемелерди окшош эле так мүнөздөшөт.
Бирок «супер» же «мега» кошулмаларын колдонуу абдан эле шарттуу болсо дагы, баары бир мегаяхталар деп корпусунун узундугу 50–60 метрден жогору узундуктагы жана бортуна круиздик сүзүү маалында, анын үстүнө анда түнөө менен, 12 конокту жайгаштыруу мүмкүндүгү бар кемелерди эсептөө кабыл алынган (эгерде бул сандан ашык болсо, анда яхта жүргүнчүлүк кеме бөлүмүнө өтүп кетет).
Эксклюзивдүүлүк жана чоңдук – бул бардык мегаяхталарды бир түргө бириктире турган мүнөздөмөнүн эки эң маанилүүсү, ал гигант өлчөмдөрдөн тышкары бассейндери, салондору, теннис корттору, тренажёр залдары жана вертолеттук аянтчалары бар эң бай инфраструктурага дагы ээ болот. Ооба, сизх туура уктуңуз, эсебиңизде жеткиликтүү сандагы каражаттар бар болсо вертолеттук аянтчасы (жада калса бирөө эле эмес) менен дагы мегаяхтаны сатып алууга мүмкүн болот!Мегаяхталар уникалдуу. Мындай типтеги окшош эки кеме болушу мүмкүн эмес, анткени ар бир эмгек жекече заказ боюнча, заказ кылуучунун бардык каалоо-тилектерин эске алуу менен жаратылат. Мындай моделдерде дайыма бир өзгөчөлүгү бар болот: моторлорунун уникалдуу дуэти, өз ылдамдыгы, эксклюзивдүү конструкциясы, палубаларынын ар түрдүү саны жана башка мүнөздөмөлөр. Парустары менен же болбосо бүтүндөй көп кабаттуу курулушту суудан көрүп калып таң калуунун кереги жок.
Ар бир кожоюн, албетте, кеме курулушунун ушунчалык шедевринин ээси болгонуна сыймыктанат. Бирок, өз кайыгын сүйүп калган бай заказ кылуучу өзүнүн экс-пассиясы менен тез эле ажырашып, анын ордуна артыкчылыктуу келген моделди сатып алганын көрүү дагы көп кездешет.
Эмнеге баары бир мегаяхтаны сатып алуу керек?
Мегаяхта – бул тандалмалуулуктун жана престиждин символу. Мындай кемеге ээлик кылуу – демек, өзүн каалагандай кырдаалда ишенимдүү сезүү, «ат жалында» болуу, курчап тургандарды Сизди урматтоого жана эң бийик жетишкендиктериңиз үчүн сыйлоого аргасыз кылуу.
Бирок мега-кеме – бул байлыктын гана белгиси эмес. Бул суудагы ажайып убакыт өткөрүүнүн дагы укмуштуудай атрибуту. Мегаяхтадагы сиздин эс алууңуз унутулгус болот. Ар бир мындай кайык ээсине жана конокторго, бассейнде сүзүү, спортзалдагы машыгуулар, спада назик эс алуу жана бардагы эксклюзивдүү суусундуктардан ырахаттануу, акырында, бул үчүн атайын бөлүнгөн аянтчада идеалдуу жайгашуу менен каалагандай учурда өздүк вертолету менен учуп келүү жана учуп кетүү убактысы сыяктуу көңүл ачууларды сунуштайт. Жана эсиңизде болсун: мындай кемеде кесипкөйлөр гана иштешет, ошондуктан аларга толук ишениңиз жана абсолюттук эркиндиктин ар бир көз ирмеми менен ырахаттаныңыз. Сөзсүз түрдө, бул сезим эң кымбат жана сапаттуу материалдардын жардамы менен кемени ичинен дагы, тышынан дагы керемет жасалгалай алышкан дүйнөдөгү эң мыкты дизайнерлердин чыгармачыл тандемисиз мүмкүн болмок эмес.
Мегаяхтада деңиз жойлоп саякаттоодон мыкты эч нерсе жок! Мындай кемелердин деңизде сүзүү сапаттары абдан өркүндөтүлгөн. Бирок, мегаяхтаны сатып алуудан мурун белгилей кетүү керек – мындай кемелерге болгон баалар, эреже катары, улам жогорулайт гана, ошондуктан аларды сатып алууну Сиздин капиталдын кирешелүү салынышы деп эсептөөгө мүмкүн болот.
«Кымбатыраак!» — мегаяхтаны сатып алууга акча салууну чече алышпай көпчүлүк дал ушундай ойлонушат. Ооба, баалары асманда, бул жакка яхтаны кармап турууга кете турган көптөгөн нөлдөрү бар суммаларды дагы кошуңуз. Бирок кыялыңыздан үнөмдөөнүн кереги барбы, анын үстүнө, мега-кемелер рыногу өнүгүп жатат, азыр, мурункуга караганда ажайып кайыктын ээси болуп калуу бир топ эле жеңилдеди го?
Пайдалуу баадагы мегаяхтаны кайдан сатып алууга болот?
Бул суроого жооп жөнөкөй: ScanMarine TM (Cofrance SARL) кайрылыңыз. Бул компания чындыгында эле люкс-класстагы мега-яхталарды сатуу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.
Биздин адистерибиз Сиз үчүн планетабыздын каалагандай жеринен уникалдуу парустуу же мотордуу кемени тандап беришет. Сезондун жаңысын каалайсызбы же Сизге океан кемеси гана жагабы? А балким, Сиз бир аз үнөмдөп, орточо баадагы яхтаны сатып алууну каалайттырсыз? Проблема эмес. Биздин адистерибиз яхта рыногундагы каалагандай сунушка экспертиза жүргүзүшөт жана ишкер кеңеш менен жардамдашышат. Кеменин экстерьери, анын габариттери жана жабдылышы, техникалык түзүүчүлөрү, каттоо, швартовкалоо, экипаж издөө, – албетте, кемени издөө, тариздетүү жана эксплуатациялоо менен болуучу проблемаларды абдан көп чечүү керек болот. Бирок Сизге эмес, биздин адистерибизге. Сиздин болсо функцияңыз яхтаны карап чыгуу жана чечим кабыл алуу менен гана чектелет. ScanMarine TMге (Cofrance SARL) ишениңиз! Анан тез эле Сиз өмүр бою эңсеп келген мегаяхта, сиздин менчигиңиз болуп калат.