Акыркы убактарда шаан-шөкөт менен эс алуу мүмкүнчүлүгү көпчүлүк адамдарда пайда боло баштады. Эс алуучулар курорттук шаарлардагы мейманканаларда эс алуудан сырткары ыңгайлуу яхталарда деңиз бойлото круиз уюштурууну баалай башташты.
Коомчулуктун мына ушундай өкүлдөрү (б.а. акчасы барлар) өздөрүнө жеке менчик укмуштуудай яхталарды сатып алышып, эмки жолу качан, каякка сүзүп барууну өздөрү чечишет. Ал эми яхта сатып ала албагандар болсо, яхтаны ижарага алып, сейилдешсе болот. Мындай адамдар үчүн бул жаман деле вариант эмес, себеби, анча көп эмес каражатка өтө сонун шарттарды уюштуруп, убакытты эң сонун өткөрүүгө болот.
Яхтаны ижарага алуу канча турат?
Адегенде, адатта яхтанын чартерине кеткен сумманын ичине эмнелер кире тургандыгын аныктап алалы.
Чыгымдар
Ар бир пунктун өз алдынча карап чыгабыз:
- Яхтанын өзүн ижарага алуу. Баштапкы сүйлөшүүлөрдө айтылган же болбосо профилдик сайттарда көрсөтүлгөн баа. Биздин каталогдон да карап көрсөңүз болот. Көрсөтүлгөн сумманын ичине төмөнкүлөр кирет:
- яхтаны ижарага алуу;
- экипаждын кызматы;
- экипаждын тамак-ашы;
- кемени жана экипажды камсыздандыруу;
- мамлекеттик мариналарга (яхталар, катерлер жана башка анча чоң эмес кемелер токтоо үчүн жабдууланган атайын жай) токтоо үчүн төлөнүүчү акы, эгер кеменин маршрутунда мындайлар бар болсо.
Бул сумма көбүнесе кеменин чен-өлчөмүнөн, андагы эс алуу шарттарынан, сезондон, ошондой эле, яхтанын канчалык жаңы экендигинен көз каранды. Башкача айтканда, кеме эскирээк жана көлөмү кичинерээк болсо, ижаранын баасы ошончолук арзан болот. Бул кемени алдын-ала брондоого жана климат шарттарына байланыштуу сезон эмес болгон учурларга да тиешелүү. Яхтанын чартеринин суммасы, өзү аныкталма маани боюнча, бир жумалык круизди эсептөө менен белгиленет. Эгерде сиз яхтаны бир жумадан азыраак убакытка ижарага алууну кааласаңыз, анда жалпы сумманы 6га бөлүп, канча суткага алууну кааласаңыз, ошончо суткага көбөйтүшүңүз керек. Круиздин мөөнөтү узагыраак болсо (бир жумадан ашуун), анда сумма 7ге бөлүнөт да, канча сутка болсо, ошого көбөйтүлөт. Башкача айтканда, яхтаны суткалап ижарага алуу эки учурда тең ар түрдүүчө болот. Эмне үчүн мындай болот? Бул кемени круизге даярдоого кеткен убакытка байланыштуу. Мындайча айтканда, жүрүш узак же кыска мөөнөттүү экендигине карабастан, экипаж экөөнө тең бирдей эле күч жумшайт. Бул суммага чартерлердин ортосундагы аргасыз токтоп калуу да кошулат.
- Коштоочу чыгымдар. Тактап айтканда:
- күйүүчү май;
- жүргүнчүлөрдүн тамак-ашы;
- коноктор үчүн алкоголдук жана алкоголсуз ичимдиктер;
- катерлерге жана суу оюнчуктарына кетүүчү күйүүчү май;
- каналдардан өтүү үчүн төлөө;
- жеке менчик мариналарга токтоо үчүн төлөө;
- кир жуучу жай;
- жүргүнчүлөрдүн башка жеке чыгымдары.
Мындай чыгымдар жүрүштүн аягында эсептелинет. Башкача айтканда, баштапкы суммага анын өлчөмүнүн 30%ын кошо берсе болот.
- КНС
Мыйзам боюнча Европа Биримдигинин көпчүлүк өлкөлөрү фрахтынын суммасына КНС киргизишкен. КНС сиз саякаттаган мамлекетке жана яхта кайсы мамлекетке таандык экендигине карата ар башка өлчөмдө болуп турат. Орточо эсептегенде, чартердин баасына 10-20% өлчөмүндө КНС кошулат.
- Экипажга «чайлык»
Сиздин эс алууңуздун кынтыксыздыгы кеменин ишин, анын жүрүшүн, жүргүнчүлөргө толук кызмат көрсөтүүнү камсыздыган экипаждын эмгегинен көз каранды. Круиз учурунда жумушчулардын бардыгы сутка бою иш үстүндө болушат. Ошондуктан, аларга кылган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип коюу кадыресе нерсе. «Чайлыктын» өлчөмү ар түрдүүчө болот. Европада мындай кошумча ижара суммасынын 5-10%ын түзөт. Ал эми АКШнын деңиз жээгинде же Кариб деңизинин бассейнинде кошумча бир аз жогорураак – 10-20%.
- Кеменин катталган портуна кайтуусу
Сиз маршрутуңузду кеменин мүмкүнчүлүктөрүнө карап, өз алдынча аныктап алууга укуктуусуз. Бирок, эгерде, сиз яхтага түшкөн порттон эмес, башка порттон түшүп калууну чечсеңиз, анда кеменин кайтуусуна кеткен чыгымды төлөөгө даяр болуңуз. Бул суммага көбүнчө кайра кайтууда күйүүчү майга кеткен чыгым жана кеме катталган портко (же башка керектүү жерге) канча күндө жете турган болсо, ошончо күн ижара катары эсептелинип кирет.
- Күрөө
Бул пункт чыгымдар пунктуна кирбесе да, бул сумманы күтүлбөгөн кырдаалдар жана келишим түзүү үчүн даярдап коюу зарыл. Жаңы яхталардын ээлери мүлктүн мүмкүн бузулуп калышы үчүн күрөөнү келишимге сөзсүз түрдө киргизишет. Ири яхталар (узундугу 60 метрге чейин) үчүн күрөөнүн суммасы 10-20 миң еврого чейин болушу мүмкүн. Ошондуктан, мындай шарттарга даяр болуу оң.
Булар чартер учурунда төлөнүшү мүмкүн болгон негизги базалык чыгымдар.
Бюджеттик вариант
Эгерде көп каражат коротууга даяр эмес болсоңуз, анда узундугу 15-20 метрге жеткен анча чоң эмес кемени ижарага алсаңыз болот. Мындай ижаранын баасы өтө деле жогору эмес. Көпчүлүк учурларда ижара акысы жумасына 1500-5000 евро чегинде болот. Кичине яхталарда экипаждын саны аз (кээде бир-эки кишиден турат) болгондуктан, аларга кеткен чыгым анча көп эмес болот (суткасына болжол менен 150-200 евро). Буга кошумча, тамак-аш – 1 кишиге 200-300 евро жана кошумча чыгымдар – ар бир жүргүнчүгө 50-100 евродон кетет.
Жакшы акчага жакшы шарттар
Эгер эс алууга үнөмдөөнү каалабасаңыз, анда узундугу 20 метрден ашуун яхтаны ижарага алсаңыз болот. Мындай учурда, бир жумалык чартердин баасы, сезон эмес учурунда, 16000 евродон (20 метрлик яхта үчүн) баштап, 600 000 еврого чейин (60 метрлик яхта), сезон учурунда болот. Анан да бул суммага жогоруда келтирилген кошумча чыгымдардын пайыздык катышын кошобуз.
Бааны билип алдык. Эми ижарага яхта алуу мезгили келди!
Яхтаны ижарага алуунун эң жакшы жолу – ScanMarine TM (Cofrance SARL) компаниясы. Аталган компания чартерлик үчүн күчтүү базасы бар Европадагы орус тилдүү алдыңкы яхталык брокер болуп саналат. Буга биздин Каталогго баш багып көрүп, ынансаңыз болот. Компаниянын кызматкелери жайлуулугу боюнча да, баасы боюнча да эң ылайыктуу яхтаны тандап бере алышат. Андан сырткары, сиздин эс алууңуз жомоктогудай болуусуна кам көрүшөт!